Социалдык тармактарда кызматтык кабинетигде кыз менен жигит өбүшкөн видео тарагандыгына байланыштуу Манас шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы түшүндүрмө берди. Видео тармакка 5-ноябрда, Манас шаарынын 149 жылдыгы белгиленген күнү пайда болгон.

Видеодо ким тартылган жана жайдын статусу кандай

Муниципалитеттен алынган маалыматка ылайык, роликте көрсөтүлгөн жарандар Манас шаарынын мэриясынын штаттык кызматкерлерине кирбейт, ошондой эле Жалал-Абад облусундагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын же башка мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин жана ишканалардын өкүлдөрү да эмес.

Мэриянын басма сөз кызматы тактагандай, видеодо тартылган адамдар — IT-адистер. Аларга веб-сайттын программаларын иштеп чыгуу максатында кызматтык кабинет убактылуу берилген.

Манас шаарынын мэриясында түшүндүрүштү: административдик имаратта өбүшкөндөр мэриянын кызматкерлери эмес жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү эмес.
Turmush маалыматы боюнча

Бул окуяга укуктук баа берилгенден кийин коомчулукка кошумча маалымат берилери убада кылынууда.