Марат Раймалиев «НЭС Кыргызстана» ачык акционердик коомунун Ош электр тармактар ишканасынын директору болуп дайындалгандыгын компаниядан билдиришти.
Жаңы жетекчини жамаатка «НЭС Кыргызстана» ААК Башкы директорунун коммерциялык маселелер боюнча орун басары Уларбек Дүйшө уулу тааныштырды.
Бул дайындоого чейин Марат Раймалиев Бишкек электр тармактар ишканасынын директору кызматын аркалап келген.
Ош электр тармактар ишканасынын мурунку директору Тилек Жолдубай уулу өз каалоосу боюнча кызматтан бошотулган.


