Mercedes-Benz автоконцерни гибрид моделдеринде биринчи жолу кытайлык моторлорду колдонууда. Өзгөчө, жаңы CLA 220 Hybrid 2026 жылга карата 1,5 литр көлөмүндөгү турбовалган бензин кыймылдаткычын Geely иштеп чыкканын айтууда.
Geely — Mercedes-Benz компаниясынын узак мөөнөттүү стратегиялык өнөктөшү. Бул кадам эки компаниянын кызматташтыгынын жаңы баскычы катары бааланып жатат.
Жаңы CLA модели кытайлык кыймылдаткыч менен белгилүү премиум унаалардын сегментинде биринчи жолу келатат. Мотордун көлөмү 1,5 литр, жана ал гибрид системасы менен кошулуп, эффективдүүлүктү жогорулатууга багытталган.
