Кыргызстанда «Алыкул фест — 2026» аттуу эл аралык поэзия фестивалы өткөрүлөт. Бул иш-чарага поэзия сүйүүчүлөрү менен адабиятчыларды чакырышат.

Фестиваль 35 жылдык Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнө, Чүй облусунун 100 жылдыгына жана Алыкул Осмоновдун ысымындагы адабий бирикменин 45 жылдыгына арналган поэзия сынагын камтыйт.

Сынак Чүй облусунун Каптал-Арык айылындагы Алыкул Осмоновдун атындагы мамлекеттик мемориалдык маданий комплексте өтмөкчү.

Жыйынтыктоо жана жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи 21-сентябрда уюштурулат.

Кыргызстандын ичиндеги жана чет жактардагы кыргыз жана түрк тилдүү адабиятчылардан катышуучулар чакырылат. Эл аралык катышуучулар онлайн түрүндө да катыша алышат.

Ар бир автор үч поэзия ыры менен катыша алат. Талаптарга ылайык, ырлар буга чейин жарыяланбаган жана фестиваль темасын толук ачып бериши керек.

Сынакка катышуу үчүн ырларды 28-август саат 18:00гө чейин тапшыруу зарыл.

Кошумча маалыматты төмөнкү телефон номурлары аркылуу алууга болот: +996700606105, +996777796398, +996501312276 (WhatsApp).