Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Россияда жүргөн кыргызстандыктарга сак болушууну сунуштады. Бул маалымат украиналык дрондордун чабуулдарына байланыштуу берилди.
Министрлик, жарандарыбызга расмий органдардын маалыматтарына жана сунуштарга таянып иш алып барууну жарыялады.
Эгер да консулдук-укуктук жардамга муктаж болсо, жарандарыбыз атайын ыңгайлаштырылган телефондорго кайрылышы мүмкүн.



