Лондондогу ICE биржасынын маалыматы боюнча, Brent маркасындагы нефтинин баасы 11-июндан бери биринчи жолу баррели үчүн 90 доллардан ашты. Бишкек убакыты боюнча саат 4:00дө котировкалар 2,27 пайызга көтөрүлүп, 90,26 долларга жетти, ал эми саат 4:35те өсүш 3,29 пайызга тездеп, баа 91 долларга чейин чыкты.

Августта жеткирилүүчү WTI маркасындагы нефти фьючерстеринин баасы да 3,02 пайызга көтөрүлүп, баррели үчүн 84,29 долларда бекиди.

Нефти баасынын өзгөрүүсү

90,26Brent, саат 04:00 (доллар/баррель)
2,27%