Талас шаарындагы «Нургазы» базарында регионалдык мамлекеттик архитектуралык жана курулуш көзөмөлү департаментинин күтүүсүз текшерүүсү жүргүзүлдү.

Текшерүү жүргүзүлүшүнө мэриядан жана Талас региондук градостроительство башкармалыгынан арыздар түшкөн.

Аталган базарда жана анын аймагындагы 73 контейнерде тиешелүү уруксат кагаздары жок экени аныкталды.

Ошол себептен, ОсОО «Абакир» компаниясына 200 миң сом айып салынган жана аны белгиленген мөөнөттө мыйзам бузууларды жоюу боюнча талаптар берилди.