Кыргызстанда өтө турган ири эл аралык иш-чараларга, анын ичинде Шанхай кызматташтык уюмунун саммити жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында коопсуздук маселелери жигердүү каралууда.
Коопсуздук Кеңешинин катчысы Адилет Орозбековдун айтымында, бул максатта координациялык штаб түзүлгөн. Ага күч түзүмдөрү, министрликтер, жергиликтүү бийлик жана башка тиешелүү кызматтар кирет.
Штабдын ишинде коомдук коопсуздук, антитеррористтик чаралар негизги багыт катары каралып, байкоолор күчөтүлөт.
Ошондой эле, маалыматтык коопсуздукка өзгөчө маани берилүүдө. Бул багытта киберчабуулдарга, уруксатсыз кийлигишүүгө жана жалган маалымат таратылуусуна каршы күрөшүү пландалууда.











