Чүй-Бишкек тилкесинде транспорттук талаптардын так аткарылышын камсыз кылуу үчүн министрлик тарабынан көзөмөл күчөтүлдү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникация министрлигинин өкүлдөрү билдиришти.

Транспорт департаментинин милдетин аткаруучу директору Бактыбек Молдобаев мобилдик топтордун кызматкерлерине өткөрүлгөн жыйында Чүй-Бишкек аймактык башкармалыгынын негизинде дагы төрт мобилдик топ түзүлгөнүн жарыялады.

Жыйында инспекторлордун ишинин сапатына өзгөчө көңүл бурулуп, алардын мыйзам бузууларды жетиштүү түрдө аныктабаганы жана тиешелүү протоколдорду түзбөгөнү сынга алынды.

Молдобаев кызматтык милдеттерин так аткарбаган кызматкерлерге карата чаралар көрүлөрүн эскертти. Ошондой эле коррупциялык көрүнүштөргө жол бербестен, алдын алуу иштери күчөтүлүшү керектигин белгиледи.

Жыйындын жыйынтыгында жооптуу кызматкерлерге иштин натыйжалуулугун кыска мөөнөт ичинде жакшыртуу, мыйзамдуулукту так сактоо жана аныкталган кемчиликтерди ыкчам жоюу тапшырмасы берилди.

Мобилдик топторго 10 күндүк мөөнөт берилген. Андан кийин ар бир кызматкердин иш-аракетине баа берүү үчүн кайра жыйын өткөрүлөт.