ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, 2003-жылы туулган О.А. аттуу жаран буга чейин социалдык тармактар аркылуу жарандарды митингге жана массалык башаламандыктарга чакырганы үчүн кармалган. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү (Массалык башаламандыктар) менен кылмыш иши козголгон.

Тергөөнүн жүрүшүндө, аталган жарандын 2025-2026-жылдары жасалган кеминде төрт эпизоду аныкталды. Бул эпизоддордо шектүү өзү адамдарды сабап, алардын ур-токмокко алынып, кордолгонун видеого тартып, коомдук жайда кечирим суроого мажбурлаган.

Учурда үч жабырлануучунун өздүгү такталып, алар менен тиешелүү тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө. Дагы бир эпизод боюнча жабырлануучунун инсандыгын жана окуянын бардык жагдайларын аныктоо боюнча чаралар көрүлүүдө.

Мындан тышкары, тергөө органдары шектүүнүн ушул сыяктуу башка эпизоддорго катыштыгы бар-жогун текшерүүдө. Иштин тергөөсү улантылып жатат.