Ош шаардык ички иштер башкармалыгы социалдык тармактарга тараган үй-бүлөлүк зомбулук фактысы тууралуу видео боюнча териштирүү ишин баштады.

2026-жылдын 23-июлунда юрист Адилет Меркановдун Instagram баракчасында Ош шаарынын айылдарынын биринде болгон үй-бүлөлүк зомбулукту чагылдырган видео жарыяланган. Маалыматтарга ылайык, бул видео 2023-жылдын 22-декабрында тартылган.

Учурда жубайлар чогуу жашабайт. Жабыркаган аял милицияга арыз жазуудан баш тарткан.

Ага карабастан, бардык жагдайларды толук жана объективдүү тактоо максатында Т.Ж. аттуу жаранга карата текшерүү иштери улантылууда.