Москов районундагы Беловодское—Темен-Суу автожолунун 5 чакырымдык тилкесине асфальт төшөлүп, жол чийиндер тартылды. Бул тууралуу №28 жол-эксплуатациялык ишканасынын жетекчиси Атай Эгембердиев билдирди.
Анын айтымында, көрсөтүлгөн трассанын 5 чакырымына асфальт төшөлүп, жаңы жол белгилери орнотулган.
«2026-жылы район боюнча 9 чакырым 250 метр жолго асфальт төшөө пландалган. Бул иштер толук көлөмдө аткарылып, учурда айыл аймактарында чуңкурларды оңдоо иштери жүрүп жатат», — деди ЖЭИнин башчысы.


