Эл аралык эмгек уюмунун «Жаштар эмгеги боюнча глобалдуу тенденциялары — 2026 жылга карата» деген жаңы отчетунда 2025-жылы жаштар арасындагы жумушсуздук 12,4% чейин жогорулаганы белгиленет.
Бул көрсөткүч экономиканын начар өсүшү жана жумуш орундарын жаратуу мүмкүнчүлүктөрүнүн аз болушу менен түшүндүрүлөт.
Жаштар арасындагы жумушсуздуктун эң катуу көбөйүүсү кирешеси жогору өлкөлөрдө катталган.
2023-2025-жылдар арасында дүйнөнүн 11 субаймактын ичинен 8инде жаштардын жумушсуздугу өсүп, жаңы жаштар эмгеги кризисине алып келиши мүмкүн.
Экономикалык өсүүнүн жайлашы, жумуш орундарын түзүүдөгү төмөнкү темптер, геосаясий чыңалуу жана тездик менен өнүгүп жаткан технологиялар бул абалга таасир этүүдө.
Андан сырткары, жаштарга адатта эмгек базарына кирүүгө мүмкүнчүлүк берген офистик, кызмат көрсөтүү, соода жана кайра иштетүү өндүрүшүнө байланыштуу жумуш орундары азайтылууда.
Өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө өсүп жаткан жаш калк үчүн сапаттуу жумуш орундарын түзүү көйгөйү курч бойдон калууда.
Көп жаштар жумушсуз калуунун ордуна формалдуу эмес сектордо же туруктуу эмес шарттарда иштөөгө мажбур болууда.
















