Салыктык ашыкча төлөм деген эмне?

Мамлекеттик салык кызматы (МСК) салык төлөөчүлөргө бюджетке талап кылынгандан ашыкча салык төлөнгөн учурда эмне кылуу керектигин түшүндүрдү.

Ашыкча төлөнгөн салык суммасы – бул иш жүзүндө которулган салык суммасы менен төлөнүүгө тийиш болгон сумманын ортосундагы оң айырма. Бул туумдарга, пайыздарга жана салыктык санкцияларга да тиешелүү. Бирок, кошумча нарк салыгы (КНС) боюнча ашыкча төлөм Салык кодексинин 326-329-беренелери менен өзүнчө жөнгө салынат.

Мисалы, эгер салык төлөөчү 10 миң сом төлөшү керек болсо, бирок ката кетирип 12 миң сом которсо, ашыкча төлөм 2 миң сомду түзөт. МСК мындай сумманы салыктык милдеттенмелердин эсебине киргизсе же кайтарса болорун белгиледи.

Карыз болгон учурда ашыкча төлөмдү колдонуу

Эгерде салык төлөөчүнүн карызы болсо, ашыкча төлөм биринчи кезекте ошол карызды жабууга багытталат. Алгач анын эсебинен тиешелүү салык боюнча туумдар, пайыздар жана санкциялар, андан кийин башка салыктар боюнча карыздар, андан соң алар боюнча туумдар, пайыздар жана санкциялар жабылат.

Ошол эле салык боюнча ашыкча төлөмдү келечектеги төлөмдөрдүн эсебине салык органы өз алдынча эсепке ала алат.

Эгерде башка салыктар боюнча карыз кийинчерээк пайда болсо, эсепке алуу анын пайда болгон күнүнө карата автоматтык түрдө жүргүзүлөт. Бул тууралуу салык төлөөчүгө он календардык күндүн ичинде кабарланууга тийиш.

Карыз жок болсо же жабылган болсо

Эгерде карыз жок болсо же ал жабылган болсо, салык төлөөчү арыз берип, үч варианттын бирин тандай алат: ашыкча төлөмдү башка салыктар боюнча келечектеги милдеттенмелердин эсебине киргизүү, каражатты бирдиктүү салык эсебине которуу же ...