Ленин райондук ички иштер бөлүмү 35 жаштагы Дмитрий Шевелевди издеп жатат. Милициянын маалыматына ылайык, ал 2-августта дайынсыз жоголгон.

4-августта анын атасы милицияга кайрылып, Дмитрий 2-август күнү болжол менен саат 17:00 чамасында Литвинов көчөсүндөгү үйүнөн чыгып кеткенден кийин кайрылып келбегенин билдирген. Учурда анын кайда экени белгисиз.

Дмитрий Шевелевдин өзгөчө белгилери: бою болжол менен 175 см, орто дене түзүлүштө, чачы кыска. Жоголгон күнү ал жашыл спорттук футболка жана кара шорты кийген болчу.

Милициянын билдирүүсүнө караганда, ал психикалык жактан жабыркайт.

Бул факт Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн маалыматтарды эсепке алуу журналына катталган.

Милиция Дмитрий Шевелевдин жайгашкан жери тууралуу маалыматы бар жарандарды төмөнкү номерлер аркылуу кабарлоону суранат: 0312 35 26 05 (нөөмөт бөлүмү) же 0705 45 05 53 (байланыш номери).