Кызыл-Туу айыл аймагында 32 миңден ашуун адам жашаса, анын 4 миң 700дөн ашыгы Мундуз айылынын тургундары. Акыркы жылдары калктын санынын өсүшү менен мектепке чейинки билим берүү мекемелерине болгон муктаждык арткан. Буга чейин ата-энелер балдарын коңшу айылдардагы бала бакчаларга ташууга аргасыз болуп, ал эми кээ бир бөбөктөр мектепке чейинки билим менен такыр камтылган эмес.
Бул көйгөйдү IV Элдик Курултайдын делегаты, Мундуз айылынын тургуну Абдыманап Исаков Элдик Курултайдын жыйынында көтөргөн. Анын сунушу Элдик Курултайдын Катчылыгы тарабынан иш-чаралар планына киргизилип, натыйжада Мундуз айылында жаңы бала бакча курулуп, пайдаланууга берилди.
Негизги көрсөткүчтөр
Бүгүнкү күндө «Алтын уя» бала бакчасында балдардын сапаттуу билим жана тарбия алышы үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Окуу-тарбия процесси мамлекеттик билим берүү стандарттарына ылайык жүргүзүлүп, бөбөктөрдүн ар тараптуу өнүгүүсүнө өзгөчө көңүл бурулат.











