Мамлекеттик жарандык авиация агенттиги 27-июлда өзүнүн басма сөз кызматы аркылуу авиакомпанияларга учактардагы иш жүзүндөгү орун санынан ашыкча авиабилеттерди сатууга (овербукингге) тыюу салганын билдирди.

Бул жаңы эреже жүргүнчүлөрдүн укуктарын коргоо максатында киргизилген. Ал Кыргызстанга, Кыргызстандан же өлкө ичинде коммерциялык каттамдарды аткарган бардык ата мекендик жана чет өлкөлүк авиакомпанияларга жайылтылат.

Эгерде авиакомпания учакты сыйымдуулугу азыраак башка учакка алмаштырууга аргасыз болсо, ташуучу жүргүнчүлөргө бир нече тандоону сунушташы керек.

  • ташуу шарттарын ыктыярдуу өзгөртүү (кардардын макулдугу менен гана);
  • жакын арадагы мүмкүн болгон каттам менен жөнөтүү;
  • билеттин толук наркын кайтарып берүү.

Агенттик авиакомпанияларга ички сатуу процедураларын жаңы талаптарга ылайык тез арада өзгөртүүнү жана кызматкерлерге тиешелүү нускамаларды өткөрүүнү тапшырды.