Кыргызстан Ички иштер министрлиги мыйзамдарды бузган чет элдик жарандардын мыйзам чегинде өлкөдөн чыгарылганын кабарлап жатат.

Министерлик ар бир чет элдик жаран өлкөдө болуу эрежелерин, ошондой эле Кыргызстандын салттарын, маданиятын жана каада-салтын урматтоого милдеттүү экенин эскертет.

Мыйзам бузуулар үчүн мыйзамга ылайык жоопкерчилик каралган жана зарыл учурда депортациялоо чечими кабыл алынат.