Бишкек ШИИБдон алынган маалыматтарга караганда, быйылкы жылдын башынан бери 450дөн ашуун чет элдик жаран мыйзам бузуу боюнча өлкөдөн чыгарылган.
Ошондой эле, 8 миңден ашуун адамга 65 миллион сомдон көп айып пул салынды, ал эми 39 адам кылмыш жоопкерчилигине тартылды.
Чет элдик жарандарга жумуш берүүчү бир канча компанияга да айып пул салынган.
Акыркы учурда милиция тарабынан 12 курулуш компаниясында алдын алуу иштери жүргүзүлүп, ал жакта 1500дөн ашуун, негизинен кытай жарандары иштейт.
Бул иш-чаралардын жүрүшүндө чет элдик жарандарга меймандостуктун эрежелери, жергиликтүү салттар жана мыйзам бузуулар үчүн жоопкерчилик жөнүндө түшүндүрмө берилди.
Депортация жана жоопкерчилик




