Акыркы эки жылдагы Нарын шаарынын саламаттыкты сактоо тармагындагы негизги медициналык көрсөткүчтөр, кадрдык потенциал жана демографиялык абал боюнча расмий статистикалык маалыматтар жарыяланды.
Учурда шаар тургундарына №1 Үй-бүлөлүк медицина борбору, 5 Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу жана адистештирилген стоматологиялык бөлүм кызмат көрсөтүүдө.
Кадрдык курам жана дарыгерлердин жетишсиздиги
Нарын облустук үй-бүлөлүк медицина борборунда бүгүнкү күндө 72 дарыгер жана 137 орто медицина кызматкери иштейт. Мындан тышкары, борбордо 1 врач-лаборант, 4 ординатор, 12 врач-интерн, ошондой эле ОНВ кабинетинде 2 дарыгер кызмат өтөйт. «Жаш дарыгер депозити» программасынын алкагында 5 адис иштеп жатат, алардын экөө учурда декреттик өргүүдө.
Учурдагы кадрдык курам










