SpaceX компаниясы Starship космос кемесинин прототиби менен Super Heavy ракета-ташыгычынын 13-сыноо учуусун өткөрдү. Ракета 24-июлда АКШнын чыгыш жээгинин убактысы боюнча саат 18:51де, Бишкек убактысы боюнча 25-июлда таңкы саат 04:51де Техас штатындагы Starbase космодромунан учурулган.
Учуу болжол менен бир саатка созулду. Бул убакыттын ичинде SpaceX Starship кемесинин жүк бөлүмүнөн Starlink V3 версиясындагы 20 спутниктин макетин биринчи жолу чыгарды. Бөлүнгөндөн болжол менен 20 мүнөттөн кийин, алар планга ылайык атмосферага киргенде күйүп кетти.
Сыноо учурунда компания кеменин жылуулуктан коргоочу экранынын абалын жана Raptor кыймылдаткычтарын кайра иштетүү механизмин да текшерди.
Ылдамдаткыч Super Heavy Мексика булуңуна конду. Маневр учурунда конууну имитациялоо үчүн зарыл болгон бардык кыймылдаткычтарды туура иштете алган жок.
Starship кемеси өзү Индия океанына конуп, учуусун аяктады. SpaceX кайра колдонулуучу Starship космос системасынын үчүнчү муунун сыноону улантууда.





