Нарын облусунун УВД пресс-кызматынын билдирүүсүнө ылайык, Мин-Булак айыл аймагындагы автожолдордун боюнда күзөтсүз калтырылган малдарды кармоо иштери жүрүүдө.

Милициянын рейд иштери

2026-жылдын 18-ноябрында Нарын райондук ички иштер бөлүмүнүн Оттук айылдык милиция бөлүмүнүн кызматкерлери жол коопсуздугун камсыздоо максатында жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте рейд өткөрүштү. Рейд учурунда автожолдордун боюнда күзөтсүз калтырылган малдар аныкталды.

32ат
24уй

Милиция кызматкерлери мал ээлери менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, жаныбарларды, өзгөчө түнкү убакта, күзөтсүз калтырбоо керектигин белгилешти. Ошондой эле жол кырсыгынын алдын алуу үчүн малдын денесине жарык чагыткыч ленталарды байлоо боюнча сунуштар берилди.