В.П. Чкалов атындагы мектепте «Бизди угушат: балдар маанилүү нерселер жөнүндө» аттуу иш-чара болуп өттү. Жолугушуунун негизги максаты балдардын өз көйгөйлөрүн түз айтып берүүсү үчүн коопсуз аянтча түзүү болду.
Талкууланган негизги маселелер
Иш-чара учурунда балдардын коопсуздугу, билим алуусу, ден соолугу, анын ичинде психикалык абалы жана чечим кабыл алуу процессине катышуу укугу каралды. Өзгөчө балдардын чоңдорго жана психологдорго болгон ишеними, кайрылуулардын купуялуулугу жана өз убагында жооп алуу маселелерине басым жасалды.
Топтук иштин жыйынтыгында балдар ыйгарым укуктуу өкүлгө кайрылуу механизмдерин жакшыртуу боюнча өз сунуштарын беришти. Асель Чынбаева балдардын пикирлерин угуп, суроолоруна жооп берди жана келечекте карала турган темаларды белгиледи. Балдардын сунуштары мындан ары иш алып барууда эске алынат.
Иш сапардын алкагындагы башка визиттер
Ыйгарым укуктуу өкүл Нарын шаарындагы «Мейкин» реабилитациялык борборуна жана Миң-Булак айыл аймагындагы Ж. Солтонкулов атындагы кризистик борборго барды. Ал жерде балдардын жашоо шарттары жана аларга көрсөтүлүп жаткан жардамдын кандай уюштурулганы текшерилди.


























