Кыргызстандын жаранына Түркия Республикасында пенсия дайындалгандыгы Социалдык фонд тарабынан билдирилди. Бул окуя Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы социалдык камсыздоо жаатындагы макулдашуунун ишке ашырылышын көрсөтөт.
Эки мамлекеттин ортосундагы аталган келишим 2020-жылдын 1-ноябрында күчүнө кирген. Ал жарандардын эмгек стажын социалдык төлөмдөрдү, анын ичинде пенсияны дайындоодо эске алууну карайт.
Ушул макулдашуунун алкагында Түркия тарабынан Кыргызстандын жарандарынын эмгек стажын тастыктоо боюнча 418 суроо-талап келип түшкөн. Социалдык фонддун маалыматына ылайык, бардык кайрылуулар каралып, аларга тиешелүү жооптор берилген.




