Курулуш иштери 2025-жылдын сентябрь айында башталган. Учурда имараттын биринчи кабатынын дубалдары көтөрүлүп бүткөн. Бул долбоорду Жашоо-турмуштук курулуш департаменти ишке ашырууда.

Имараттын мүнөздөмөлөрү

Курулуп жаткан мектептин долбооруна ылайык, окуучулар үчүн спорт залы жана өрт коопсуздугун камсыздоо үчүн өткөөч коридорлор каралган. Мамлекеттик каражаттардын эсебинен курулуп жаткан бул объект окуучуларга билим алуу үчүн бардык зарыл шарттарды түзүп берет.

150окуучунун оруну
135 млнсомдун наркы
1 604чарчы метр аянты

Каржылоо жана аткаруу

Курулуштун жалпы наркы республикалык бюджеттен бөлүнүүчү каражаттардын эсебинен каржыланууда. Бул боюнча Курулуш, архитектура жана турак жай чарбасы министрлиги маалымат берди.