Арал айылындагы мектеп трансформацияланып жатат
Ноокен районунда жайгашкан №6 орто мектеп 12 жылдык билим берүү системасына өтүү максатында ири масштабда жаңыланууда. Бул мектеп 53 инновациялык мектептин катарына кирип, заманбап билим берүү чөйрөсүн түзүүдө.
Учурда мектепте капиталдык ремонт жүрүүдө. Үйрөнүүчү аудиториялар, китепкана, STEM кабинети жана эмгек сабагына арналган мастерская жаңыланып, окуучулар үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шарттар түзүлүүдө.
Мектеп жетекчилиги трансформациялык лидерлик жана инновацияларды башкаруу программалары боюнча окуудан өтүп, заманбап башкаруу ыкмаларын киргизүүдө.
Ремонт бүткөндөн кийин мектепте STEM лабораториялары жана санариптик билим берүүгө арналган заманбап жабдуулар орнотулат. Бул окуунун сапатын жакшыртууга өбөлгө түзөт.






