Курулуш иштери ушул жылдын март айынан тартып Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги тарабынан башталган. Жаңы имарат төрт блоктон турган заманбап комплексти камтыйт.
Мектептин ички түзүмү окуучулардын бардык муктаждыктарын камсыз кылуу үчүн иштелип чыккан. Анда окуу класстарынан тышкары, төмөнкү жабдыктар каралган:
- лабораториялар жана китепкана
- ашкана жана дарыгердин кабинети
- компьютердик жана эмгек кабинеттери
- актовый зал жана спорт залы
Мектеп куруу программасы боюнча маалымат
Президенттин тапшырмасына ылайык, 2026-жылдын башында Манас шаарында алты мектеп курула баштайт. Учурда бул программанын алкагында курулуп жаткан беш мектептин иштери толук бүткөн.
Ал эми Курманбек муниципалдык башкармалыгындагы алтынчы мектептин курулуш иштери дагы деле уланууда.



























