Укук коргоочу, Жогорку Соттун Конституциялык палатасынын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова жакында Семён Чуйков атындагы көркөм сүрөт галереясында өткөн көргөзмөдө көрсөтүлгөн сүрөттөрдүн автору Вячеслав Абдрашитов, ошондой эле Качан деген ат менен белгилүү экенин билдирди.

Вячеслав Абдрашитов өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмүн алган сүрөтчү. Анын эмгектери арт-галереяда коомчулукка көрсөтүлдү.