Ош шаарында он жаңы мектептин курулушу көйгөйсүз уланууда. Министрликтин кызматкерлери объектилерде болуп, курулуштун сапатын жана иштердин жүрүшүн көрүп чыгышты.
Министр курулуш иштерин көзөмөлдөө үчүн департаменттин жана мамлекеттик ишкананын өкүлдөрүн тапшырма менен жөнөткөн. Алар архитектуралык долбоорлорго ылайык келүү жана графикке шайкеш жүрүшүн баалашты.
Курулуш жүрүшү жана мектептер тууралуу маалымат
Бардык 10 мектепте курулуш иштери жүрүп жатат, жалпы башталган жумуштун көлөмү 35–45 % түзөт.
- Салижан Жигитов атындагы №2 мектеп үчүн 1200 орундуу жаңы окуу корпусу, 5 блок жана 4 кабаттан турат.























