Ош шаарында мэриянын уюмунда өткөрүлгөн «Автосуз күн – велосипед менен жумушка» челленджинин жеңүүчүлөрү сыйланып, аларга заманбап велосипедтер берилди. Ушул акциянын максаты шаар тургундарынын саламаттыгын чыңдоо жана сапаттуу жашоо образын жайылтуу болгон.