Ош шаарындагы Алымбек Датка көчөсүндөгү 172-үйдүн тургундары жарыктын толугу менен өчүп калганын айтып, видеокайрылуу жасашты. Алар бул маселени президентке чейин жеткирүүнү каалашты.

Мэрия жарыктын өчүрүлүшүнүн себеби тууралуу маалымат берип, учурда техникалык мүчүлүштүктөрдү оңдоого аракет кылып жатканын билдирди.