Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев тиешелүү кызматтардын жетекчилери менен бирге Кызыл-Кыштак айыл аймагындагы Навои көчөсүнүн тургундары менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууда калктын компенсациялар боюнча суроолоруна кенен түшүндүрүү берилди. Андан тышкары, тургундар жолдорду оңдоо, инженердик инфраструктура, коммуналдык кызматтар боюнча суроолорун айтышты.

Ошондой эле Сулайман-Тоо аймагын жакшыртуу жана реконструкциялоо долбоорлору жөнүндө кошумча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча коюлган сунуштар жана эскертүүлөр эске алынган жана бул маселелерди чечүү боюнча жетекчилерге бир катар тапшырмалар берилди.