Ош шаарында курулушу февраль айында башталган 10 мектептин даярдыгы учурда 45 пайызга чейин жетти. Бул курулуш долбоорлору республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда.

Аталган объектилердин арасында Салижан Жигитов атындагы мектептин имараты да бар. Анын курулушу апрель айында президент Садыр Жапаровдун катышуусу менен башталган. Учурда 1200 окуучуга ылайыкталган бул мектептин имаратынын жарымы курулуп бүттү.