Ош шаарында 22-июлда саат 08:00дөн 17:00гө чейин бир катар райондордо жана көчөлөрдө электр энергиясынын үзгүлтүккө учурашы күтүлүүдө. Мэрия мындай аракеттерди күз-кыш мезгилине энергетика тармактарын даярдоо максатында жасаларын билдирди.

Электр энергиясы өчүрүлө турган райондор

  • Анар жана Фрунзе микрайондору
  • Керме-Тоо муниципалдык аймагындагы 225-квартал
  • Кызыл-Кыштак муниципалдык аймагы
  • Алымбек Датка айыл аймагы жана Керме-Тоо, Кызыл-Байрак, Ишкаван, Коммунист, Шамшад, Мукумий, Сурот-Таш, Тээке айылдары

Энергия жок турган көчөлөрдүн айрымдары

  • Б. Осмонова
  • Р. Абдыкадырова
  • Р. Моминова
  • Карабаева
  • Курманжан Датка
  • М. Алымбекова
  • Садовая
  • Жамбыла
  • Крылова
  • Тайгараева
  • Бакыта
  • Абылгазиева
  • А. Масалиева
  • Бобулова
  • Узгенская
  • Раззакова
  • Салиева
  • Касымбекова
  • Наримана
  • Айткулова

Ошондой эле "Жибек Жолу" жана "Келечек" рынокторунда электр энергиясы өчүрүлөт. Алымбек Датка айыл аймагындагы Садыкова, Шарипова, Холматова, Кош-Таш, Парпиева, Умарова, Хайтбаева жана Нишанова көчөлөрү да электр жарыгынан ажыратылат.

Мэрия жарандарды чыдамдуулукка чакырып, убактылуу кыйынчылыктарга түшүнүктүү мамиле кылууну өтүндү.