Ош шаарында Г. Айтиева көчөсүнүн 1305 метрлик бөлүгү капиталык оңдоодон өтүп, жаңы асфальтобетон каптоо коюлду. Жолдун туурасы 24 метр, ал эми асфальттын калыңдыгы 12 сантиметрди түзөт.
Көчөнүн эки тарабында жалпы узундугу 3400 метр болгон жаңы тротуарлар курулду. Ошондой эле ирригация үчүн лотоктор орнотулуп, заманбап жол белгилери менен разметка салынды.
Мурун Айтиева көчөсүндөгү тротуарлар абалы начар болуп, жөө жүргүнчүлөргө кыйынчылык жаратып келген. Азыркы оңдоодон кийин көчө коопсуз жана ыңгайлуу болуп калды.
Шаар мэри Жанарбек Акаев баш болгон жетекчилер жана шаар тургундары ачылыш аземине катышты.







