Ош шаарында Осмонов көчөсүнүн Мукумий көчөсүнөн Достук айланма жолуна чейинки 500 метр узундуктагы бөлүгүндө жолду оңдоо иштери башталды.
Мэрия тараткан маалыматка ылайык, учурда коммуникациялык тармактарды жана электр линияларын көчүрүү иштери жүргүзүлүп жатат.
Андан соң жолдун негизин даярдоо жүрүп жатат, андан кийин жаңы асфальт төшөлүп, бордюрлар коюлат жана тротуарлар курулат.
Ошондой эле ирригациялык каналдар орнотулуп, аймак жашылдандырылат.
Иш-аракеттер эки сменада аткарылып, объект октябрь айына чейин пайдаланууга берилүүгө планалаштырылат.










