Ош шаарында «Байсан» рестораны толугу менен бузулду. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.
Бузулган имараттын ээси компенсация алганын билдиришти. Учурда ошол аянтта бак-дарак отургузуу менен коомдук эс алуу зонасы түзүлүүдө.
План боюнча Ак-Буура дарыясынын жээгинде 10 гектардан ашык аянтты камтыган сквер курулат.
«Байсан» рестораны мурдагы Ош шаарынын мэри Женишбек Токторбаевдин айтымында экс-Жогорку Кеңештин спикери жана депутаты А.К. менен байланыштуу болгон.
Бирок 2026-жылдын май айында А.К. ресторандын ээси эместигин айтып, ал мунун «жеңеси» А.Ага таандык экенин билдирген.
Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев 2026-жылдын 6-майында сносу коомчулуктун кызыкчылыгында жана бардык ишкерлерге бирдей мамиле көрсөтүү максатында жүргүзүлүп жатканы боюнча комментарий бере кетти.
Мэрия соттун чечими жок эле сноого барышканын, бирок ал иш мамлекеттин муктаждыктары үчүн жасалып жатканын айтат.
Ишкана ээлери менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, компенсация же башка жайга алмашуу сунушталган, бирок макулдашуу жаралбаганы билдирилди.









