Ош шаарында жаңы эстакадалык айрылууну куруу үчүн жолдорду кеңейтүү жана тиешелүү жер участокторун бошотуу боюнча иштер жүрүп жатат.

Кайсы көчөлөрдө иштер жүрүп жатат

Түштүк борбордун мэриясынын билдирүүсүнө ылайык, имараттарды демонтаждоо Бабараимов көчөсүнөн Бекмамат Осмонов көчөсүнө чейинки аралыкта жүргүзүлүүдө. Ошондой эле Кара-Суу, Мамажан жана Шамшат көчөлөрүндө да ушундай иш-чаралар өткөрүлүп жатат.

Мэриянын муниципалдык менчик башкармалыгы буйрулган жерлердеги эски имараттарды, коммерциялык объекттерди жана турак жайларды ээлеринин макулдугу менен бузуп жатат.

Бул процессте көз карандысыз эксперттер иштеп жатышат. Алар бузулуучу объекттердин ээлерине компенсациялык төлөмдөрдүн өлчөмүн аныкташат.

Кийинки кадамдар

Даярдоо иштери аяктап, жол участоктору толук бошотулгандан кийин, ал жерлерге асфальт төшөө иштери башталат.