Ош шаарындагы «Рамазан» маркети мөөнөтү өтүп кеткен азыктарды сатканы тууралуу сатып алуучу кабарлап, азыктардын бир канчасы көгөрүп кеткенин айткан.

Сатып алган айым мөөнөтү бир жылдай мурун бүткөн продукция дагы эле сатыкта турганын билдирген.

Ош шаарынын Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун тамак-аш гигиенасы бөлүмүнүн жетекчиси Дария Жапарова текшерүү жүргүзүлгөнүн жана мөөнөтү өткөн азыктар дүкөндөн чыгарылганын кабарлады.

«28-июль күнү коомдук тармактарга жарыяланган видеого таянып, "Рамазан" маркетиндеги окуя боюнча ырааттуу иш-чаралар жүргүзүлдү. Текшерүүдө мөөнөтү өткөн азыктар сатылып жүргөнү тастыкталды. Маркеттин жетекчиси Ю. А. менен санитардык эрежелерди так сактоо, сатыкка чыгарылган азыктардын сапатын камсыз кылуу жана тамак-аш өндүрүшүнө тиешелүү көрсөтмөлөргө жооп берүү тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Мөөнөтү бүткөн жана сапаты шектүү азыктар толук чыгарылды,» — деп билдирди Д. Жапарова.

Учурда аталган маркеттин ишмердүүлүгү катуу көзөмөлгө алынып, милдеттүү санитардык эрежелердин сакталышын камсыздоо үчүн профилактикалык иштер аткарылып жатат.