Каракол шаарында Саламаттык сактоо жана ветеринардык-санитардык көзөмөл кызматынын өкүлдөрү союу пункттары, эт сатуу жайлары жана азык-түлүк базарларына мониторинг жүргүзүштү.

Азыркы учурда шаарда 4 союу пункту, 18 эт сатуу жери жана азык-түлүк рыногунда ветеринардык-санитардык лаборатория иштеп жатат.

Текшерүү учурунда аталган жайларда ветеринардык-санитардык талаптар сакталышы каралды. Мындан тышкары, эт продукциясына ветеринардык экспертизадан өткөндүгүн тастыктаган клеймо коюлушу милдеттүү экени белгиленди.

Андан сырткары, сүт жана сүт азыктары сатууга лабораториялык изилдөөлөрдөн кийин гана чыгышы керектиги эскертилди.

Мониторинг жүрүп жаткан объектилерде санитардык абалды сактоо, ветеринардык кошумча документтерди туура толтуруу жана мыйзам талаптарын аткаруу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Союу жайларынын жана эт саткан жайларынын ээлерине ветеринардык эрежелерди сактоого сунуштамалар берилди.