Ош облустук бириккен клиникалык ооруканасынын торакалдык хирургия бөлүмүнүн адистери 27 жашар бейтаптын өпкөсүнөн сынган ийнени чыгарып алышты. Дарыгерлердин маалыматы боюнча, аял ийнени жоготуп албаш үчүн аны оозунда кармап жүргөн, бирок капыстан кагылып кеткен учурда ийне дем алуу жолдоруна түшүп кеткен.
Операция жана дарыгердин эскертүүсү
Текшерүү учурунда торакалдык хирург Уланбек Токтахунов бөтөн нерсе ашказанга эмес, сол өпкөнүн бронхтарына түшкөнүн аныктаган. Дарыгерлердин командасы ийнени тез арада чыгарып алууга жетишкен. Учурда бейтап үйүнө чыгарылып кетти.
Окуянын чоо-жайы
Эң көп кездешкен себеп — жолук тагынганда же кийим тигип жатканда ийнени ооздо кармап жүрүү адаттуу. Эгер адам ошол учурда сүйлөп же күлүп жиберсе, абанын агымы ийнени түздөн-түз өпкөгө соруп алат.









