Ош шаарындагы транспорттук кырдаалды талкуулоо максатында «Ош шаары тыгындалып жатат: шаарга эмне керек?» деген темада тегерек стол өткөрүлдү. Анда эксперттер шаардагы жолдогу кыйынчылыктарды жоюунун жолдорун талкуулашты.

Транспорттун саны жана тыгындын себептери

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын патрулдук милиция кызматынын башчысынын орун басары Тынар Исаевдин маалыматы боюнча, шаарда транспорттун саны нормадан бир топ жогору.

Транспорттук көрсөткүчтөр

150 000катталган автоунаа
60 000аймактардан кирүүчү унаа
200 000күнүнө жүргөн транспорттун жалпы саны
60 000жолдордун өткөрүү жөндөмдүүлүгү

Тынар Исаевдин айтымында, шаардын жолдору күнүнө 60 миң унааны гана кабыл ала алат, бирок иш жүзүндө 200 миңге жакын транспорт жүрүүдө. Мындан тышкары, эртең менен мектеп окуучуларынын, студенттердин жана бала бакчага бараткан балдардын бир убакта шаарга келүүсү тыгындарды күчөтөт.

Чечүү жолдору

Эксперттер тыгындарды жоюу үчүн комплекстүү аракеттерди көрүү керектигин белгилешти. Талкууга Ош шаардык кеңештин депутаты Искакбек Майлиев, архитектура башкармалыгынын орун басары Мирлан Омуралиев, муниципалдык жол башкармалыгынын адиси Канатбек Жусупов, урбанист Советбек Зикиров жана коомдук активист Рысбек Ысаков катышты.