Кыргызстандын келечектеги экономикасынын багыттарын мамлекет башчысы Садыр Жапаров белгиледи. Ал жакынкы 5-10 жыл ичинде өлкөнүн өнүгүүсүнүн негизги күчү болуп туризм жана өнөр жай секторлору каралышы керек экенин айтты.

Президенттин айтымында, туризмдин өнүгүүсү экономиканы диверсификациялоого мүмкүнчүлүк берет, жаңы жумуш орундарын түзүп, туристтик инфратүзүмдү жакшыртат.

Ошондой эле заводдорду жана өнөр жайды өнүктүрүү — өлкөнүн ички өндүрүшүн кеңейтүүгө жана тышкы рынокто атаандаштыкка туруштук берүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатууга багытталган стратегиялык кадам болуп саналат.

Бул багыттарда иш алып баруу аркылуу Кыргызстан туруктуу экономикалык өсүштү камсыздоону мерчемдөөдө.