Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Кадамжай районунун жана Кызыл-Кыя шаарынын тургундары менен жолугушуу кезинде ар бир облуста бирден «Акылман» лицейи куруларын билдирген. Жогорку окуу жайларынын жана жумуш рыногунун муктаждыктарына жооп берүү максатында бул долбоор ишке ашырылып жатат.