Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Ак-Кыя айылында жаңы заманбап мектептин курулушу жигердүү жүрүүдө. Курулуш иштери Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги тарабынан маалымдалды.
Бул долбоор мамлекеттик бюджеттин каражаттары менен каржыланып жатат. Мектептин курулуш иштери 2026-жылдын февраль айында башталган. Долбоордун жалпы сметалык наркы 265 миллион сомду түзөт.
Жаңы мектеп 375 окуучулук орунга эсептелген. Анда үч кабаттуу окуу корпусу, актовый зал жана зарыл шарттар менен жабдылган спорт залы каралган. Имараттын жалпы аянты 3 377 чарчы метрди түзөт.
Объект пайдаланууга берилгенден кийин мектеп эки сменде 750гө чейин окуучуга заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүп бере алат. Учурда объектте экинчи кабаттын колонналарын орнотуу иштери жүрүп жатат.










