ЦИКтын мүчөлөрү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, коопсуздук органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жолугушуп, президенттик шайлоого даярдык боюнча маанилүү маселелерди талкуулашты. Жолугушуулар Баткен облусунун Лейлек, Баткен жана Кадамжай райондорунда, ошондой эле Ош облусунун Ноокат районунда өткөрүлгөн.