27-ноябрь күнү Президенттик шайлоого талапкерлер берген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топ текшерүү жүргүздү. Бул иш учурунда Иссык-Көл облусунун прокурору Сыймык Жапыкеевдин кол коюуларынын тууралыгы каралды.

Кол коюуларды чогултуу «Кол коюуларды чогултуу» автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу ишке ашырылган. Текшерүү учурунда маалыматтарды салыштыруу жолу менен алардын тактыгы аныкталган.

Текшерүү учурунда талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайкүл Айдаралиева катышып турду. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча Сыймык Жапыкеевге кол коюу баракчаларынын жыйынтыгы тууралуу тиешелүү маалымкат берилди.

Ранее по темеБактыбек Калмаматов президенттик шайлоого катталуу үчүн 30 440 кол койду