5-августта Борбордук шайлоо комиссиясы мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын шайлоо укуктарын жакшыртуу жана алардын шайлоолорго, референдумдарга жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу үчүн туруктуу иштөөчү жумушчу топту түзүү боюнча токтом чыгарды.
Жумушчу топтун негизги милдеттери болуп добуш берүү процессинде көйгөйлөрдү талдоо, шайлоо жайларынын жана маалымат материалдарынын жеткиликтүүлүгүн баалоо жана мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча сунуштарды даярдоо каралган.
Мындан тышкары, топ расмий кайрылууларды, даттанууларды карап, мамлекеттик жана муниципалдык органдардан маалымат сурайт, шайлоо комиссиялары менен иштейт, ошондой эле адистер, коомдук жана эл аралык уюмдарды тартууга укуктуу.
Жумушчу топко ЦИКтин мүчөлөрү жана кызматкерлеринен тышкары мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өкүлдөрү, адистер жана коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү кириши мүмкүн. Топтун жыйындары зарыл болгондо, бирок жылына кеминде эки жолу өткөрүлөт.
Кабылган чечимдер сунуш катары гана колдонулат, бирок алар шайлоо процессинде мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын укуктарын толук калыбына келтирүүдө маанилүү кадам болуп саналат.








