Россиянын президенти Владимир Путин Кыргызстандын ички иштер министрлигинин жана миграция тармагындагы өкүлчүлүктөрүнүн укуктук статусун тартипке салган өкмөт аралык келишимди ратификация кылды.

Бул келишим 2025-жылдын 26-ноябрында Бишкек шаарында кабыл алынган жана 2017-жылдагы келишимдин алкагында түзүлгөн Россиядагы ички иштер министрлигинин өкүлчүлүгүнүн макамын актуалдаштырат.

Ал ошондой эле Москвадагы Кыргызстандын Өкмөт алдындагы Мамлекеттик миграция кызматынын өкүлчүлүгүн реформалоо менен бул мекемени Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин өкүлчүлүгүнө айлантырууну карайт.

Ошондой эле, келишим Кыргызстан Министрлер Кабинетинин Москва шаарында Ички иштер министрлигинин жаңы өкүлчүлүгүн ачууга жана анын ишмердүүлүк багытына байланыштуу жоболорду аныктоого мүмкүнчүлүк берет.