Каракол шаарында айыл чарба багытындагы жер тилкесине мыйзамсыз курулган объект бузулду. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы маалымдады.
Прокуратуранын маалыматы боюнча, 450 чарчы метр жер аянтына укук белгилөөчү жана керектүү уруксат документтери жок, ошондой эле максаттуу багытын бузуу менен турак үй курулуп жаткан.
Көрүлгөн чаралардын натыйжасында мыйзамсыз курулган объект сүрдүрүлүп, жер тилкеси баштапкы абалына келтирилди.
Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 212-беренесинин (башка бирөөнүн жер тилкесин өзүм билемдик менен ээлеп алуу жана айыл чарба багытындагы жерлерге алардын максаттуу багытын бузуу менен өзүм билемдик менен курулуш жүргүзүү) негизинде кылмыш иши козголду.
Учурда керектүү тергөө аракеттери жүрүп жатат.









